Бай тарыхы бар Т.Сатылганов атындагы №69 окуу-тарбия комплекс-гимназиясына быйылкы жылы 30 жылдын жүзү болуп отурат. Гимназия 1989-жылы 1-сентябрда ачылган.
Мамлекеттин көз карандысыз күнүнө карата Президент Сооронбай Жээнбековдун жарлыгы менен «Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими» ардактуу наамы саналуу адамдарга гана берилди. Алардын катарын гимназиянын директору Атаева Сайрагул Токтосуновна да толуктады. Ал бул мамлекеттик сыйлыкка билим тармагындагы көп жылдык ак эмгеги, гимназиянын ар тараптуу өнүгүүсүнө кошкон чоң салымдары үчүн татыктуу болду.
1-сентябрь билим күнүнө карата 1-класстардын жана 9-10-11-класстардын катышуусунда салтанаттуу линейка болуп өттү. (Фото галерея)
Мамлекетибиздин Президенти Жээнбеков Сооронбай Шарипович 6-февралда Бишкектеги мектептердеги билим берүүнүн абалы боюнча таанышуу сапарында Бишкек шаарындагы Т.Сатылганов атындагы №69 окуу-тарбия комплекс –гимназиясында да болду.
Ар жыл сайын өтүлгөн “ Жүрөгүм менин балдарда “ аттуу кароо-сынагы борбор каалаабызда шаардык экинчи туру болуп өттү . Бул кароо – сынакта биздин гимназиянын “Мультимедиалык немец тили кабинети “ I орунду жеңип алдык.

Новости

https://youtu.be/o4VqSE7gRRY
Кыргыз Республикасынын мамлекттик тили жөнүндө мыйзамын ишке ашыруу максатында  “Китеп билим булагы” аттуу сынак жарыяланган. Учурдун  катаал күндөрүнө карабастан , өз ишин мыкты билген, биргелешип иштөөнү адатка айлантып, мугалимдер менен, окуучулар менен тыгыз байланышта болуп турган  1-Май райондук билим берүү борбору  жаңы окуу жылыбыздын көшөгөсүн жагымдуу жаңылык менен ачты.  Жалпы…
Бул бардык окуучулардын, алардын ата- энелеринин жана мугалимдердин майрамы. Мектепке биринчи кадам таштап жаткан 1-класстын окуучулары үчүн бул күн жаңы жашоонун башталышы жана өзгөчө эсте каларлык майрам болуп эсептелинет. 2020-жылдын 1-сентябрында Бишкек шаарындагы Токтогул Сатылганов атындагы N69 окуу- тарбия комплекс- гимназиясына жаңыдан мектеп босогосун аттаган 1-класстын окуучуларын мугалимдер кучагын жайып…

Мы в цифрах

30
Жыл мектепке
2876
Окуучулардын саны
175
Бүтүрүүчүлөрдүн саны
23000
Китептердин саны