АЛТЫН ТАМГА-2020
Т.Сатылганов атындагы № 69 окуу-тарбия комплекс-гимназиясын 2019-2020-окуу жылында 4 бүтүрүүчүсү “Алтын тамга” жалпы орто билими жөнүндө артыкчылыгы менен аттестат алууга билимин тастыктап ээ болушту. Алар 11-А класстын бүтүрүүчүлөрү:
Исламбекова Азиза Исламбековна
Туратабекова Аймээрим Элдияровна
Шамбетова Эркеайым Жантаевна
11-Б класстын бүтүрүүчүсү
Жунусова Курманжан Эсенбековна
“Алтын тамга” алган бүтүрүүчүлөрүбүздү жалпы комплекс-гимназиянын жамааты чын жүрөктөн жетишкен ийгиликтери менен куттуктайт. Келечегиңер кең болсун, бекем ден соолук, өмүрүңөр узун болуп, ЖРТны эң жакшы деңгээлде тапшырып, көздөгөн окуу жайларга өтүшүңөрдү каалайбыз. Силер азаматсынар!
Ал эми ушул “Алтын тамга” артыкчылыгы менен аттестат алууга даярдап, окуткан мугалимдери Осмонова Чынара Токтомамбетовна, Айдаралиева Калипа Сабыровна, Оморова Кукун Салморбековна, Абдырахманова Салия Джумабаевна эжелерибизге алкыш айтабыз. Ишиңиздерге ийгилик, ден соолук каалайбыз.
Мындан да чоң ийгиликтериңиздер арта берсин урматтуу кесиптештер!
Комментарии